Turmush — Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө шаарында маданий калкты тейлөө борборунун курулушу толугу менен аяктады. Бул тууралуу Turmush басылмасына Гүлчө шаарынын мэри Нурсултан Тажибаев билдирди.
Анын айтымында, борбордун курулушу 2025-жылдын май айында башталган. Маданий борбор 3 кабаттан турат, жер төлөөсү да бар.
- Жер төлөөсүнө кинотеатр, машыгуу залы курулду;
- 1-кабатка камсыздандыруу ишканасы, мамлекеттик нотариус, калкты тейлөө борбору, «Унаа» ишканасы, күтүү залы уюштурулду;
- 2-кабатта конференциялык залдар жайгашкан;
- 3-кабатта ашкана бар.
«Жер төлөөсү, 2-3-кабаттары ижарага берилди. Жакынкы күндөрү президенттин катышуусунда пайдаланууга берүү алдында турабыз», - деди шаар мэри.
Аталган борбор Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 150 млн сомго курулуп бүткөрүлдү.
- Гүлчө шаарынын калкы 23 миң 601 адамга жетти. Шаардын жалпы аянты 35 гектарды түзүп, Гүлчө өлкөдөгү 34-шаар болуп расмий макам алган. Шаар статусу 2025-жылдын 25-сентябрында берилген.