Turmush — Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарында спорт зал пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Өзгөн шаарында 20 млн сомдук инвестициянын негизинде жаңы заманбап спорт зал курулду. Долбоор жеке ишкер тарабынан ишке ашырылып, шаар жана район тургундары үчүн бардык шарттар каралган.
Спорт залды ачуунун максаты калкты сергек жашоого үндөө жана жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу болуп саналат.
Ачылыш аземине район акими Каныбек Апбасов, шаар мэри жана жергиликтүү тургундар катышып, жаңы объекттин маанилүүлүгүн белгилешти. Бул спорт зал тургундар үчүн ден соолукту чыңдоого жана бош убакытты пайдалуу өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.