Turmush — Манас шаарынын 24 жаштагы тургуну Бектур Ашырбеков майыптык арабада олтургандардын укугун коргоп чыгып, калаадагы мекемелердин бирин соттон утуп, жаңы пандус коюлушуна себепкер болгон. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелип, майыптар арабасында отурса да менеджер, экономист адистиктердин ээси болуу кыялдарын ишке ашырган. Азыр студенттерге сабак берип, чакан ишкердикти жөнгө салып, өзү дагы билимин арттыруу үчүн калаадагы К.Токтоматов атындагы эл аралык окуу жайда аспирантурада окуп жатат. Ошол эле окуу жайдын алдындагы колледжде студенттерге программистик жаатында сабак берет. «Компьютердик сабаттуулук» аталышта онлайн курс да ачып койгон. Башкысы өзү көздөгөн, көксөгөн билим алуу жолунда баратат.
«Мектепке 1-класска барганда жай басып баратсам деле жөнү жок жыгыла берип, майыптык арабада олтуруп калдым. Ошондо менин диагнозум белгилүү болду. Ошол бойдон 8-класска чейин мектепке барбай үйдө окудум. 9-класста интернетте психологиялык сабактарды угуп, өзүмдүн үстүмдөн иштеп, билим алууга мотивация күч болуп, мектепке бардым. Акырындан өздөштүрүп аракет кыла бердим. 11-класста китепти көп окуп баштадым. Жалпы республикалык тестирлөөгө башка классташтарым менен катар катуу даярдандым, 133 балл алдым. Китептерди окуй бергеним ичимдеги ишенимди ойготту. Ар тараптуу ой жүгүртүүлөргө жол ачты.
Билимде «баса алгандарды басып өтөм» деп уялаган максатымдын бир кадамына жол ачылды. Мени кандай кабыл алышат деген ой болгон жок. Ким эмне дебесин мен өз жолум менен кете берем. Окуу жайдын босогосун ишенимдүү аттадым. Анан да мен 100% жеңилдик менен өттүм. 3-курста болсо 1-крустун студенттерине агай-эжейлеримдин ордуна кээде үйрөтө баштадым. Окуу жайды бүтүп, диплом алып, кайра эле көнгөн жеримде иштеп калдым», - деди ал.
Каарманыбыз ишкердик тармагын да колго алууну кыялданып жүргөн күндөрдүн биринде тамактанууга кирген кафеде стакандарга чаптамалар (наклейка) керек болуп жатканын билип калган.
«Кафеде айтылган нерсени аткаруу үчүн кагазды котөрүп полиграфияга бардым, арзаныраак чыгарып беришти. Ортодо кызмат акым чыгып кубандым. Кафе ресторандардын менюларын чыгарып берип жүрдүм. Ошондо өзүмдүн принтерим болсо, өзүм чыгарсам деп кыялданчумун. 3-курста окуп жатканда ишкердикти өнүктүрүү жана колдоо боюнча Ошто семинар боло турганын угуп калдым. Мен да барып ишкердикти баштоонун жол жобосун үйрөнүп, анан ошол жерден долбоор жаздык. Мен өзүмдүн долбоорумду коргоп бердим. Анан эле 20 адамдын ичинен менин кыялданып жүргөн принтерлер боюнча жазылган долбоорум өтүп калды. Менин да колумдан келет деген ойлор келди. Тамактануучу жайларга меньюлар, визиткалар, диплом, сертификаттар, курстук иштерди чыгарып беребиз. Ушул окуу жай 1 бөлмөсүн ажыратып берген. Кызмат көрсөтүү жагы ушинтип акырындан келе жатат. Укмуш акча таап кетпедим, бирок аракет кыла берсек берекет болорун билем», - деди ал.
Каарманыбыздын айтымында, майыптуулугу бар жарандар жашоодо сынып калышат. Аларга адегенде психологиялык жардам керек деп эсептейт.
«Ар бир адам өзүн коопсуз сезиши керек. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды инфратүзүмдө эске албаган жагдайлар кыйнайт. Анан да биздикилерге, жакындарына психологиялык сабактар өтүлүшү керек. Негизги өзөк билимде жатарын жеткиришибиз керек. Мисалы мен оор жумуштарды жасай албайм. Бирок билим менен тыйын таап жатам. Биз билим менен оз жашообузду оңдосок болот. «Максат кой, чурка, болбосо бас, ал да болбосо жөрмөлө» дешет го. Алдыга максат коюп өзүбүздү өнүктүрө беришибиз керек», - деди ал.