Turmush — Кара-Кулжа районунун Алтын-Күрɵк айылынын айыл башчысы, мүнүшкɵр Мирбек Турганбаев ата кесибин улантып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.
Ал 25-26-октябрда Жалал-Абад облусунда ɵткɵн Ниязалы Борош уулунун 165 жылдыгы жана Тɵлɵгɵн Касымбековдун 90 жылдыгына арналган салбурун боюнча республикалык мелдеште 1-орунду алды.
«Негизги кесибим информатик-программист. 2014-жылы салбурунга кɵрүүчү эле болуп барсам, түштүк тараптан куш таптаган эч ким катышпаптыр. Ошондон кайра ата жолун улантууну чечип, айылга келип, куштар менен алек болуп жашап калдым. Бул ɵнɵр унутта калып бара жаткан болчу. Айылга келгенден кийин мектепте иштеп жʏрдʏм.
Жети атамдан бери бул кесип улантылып келе жатат. Эс тарткандан эле атамды ээрчип бүркүт, карчыга куш, ителги, ылаачын салууга чыгып жүрдүм. Бул куштар менен бир үйдө чоңоюп ɵстʏм. Кызыгуум ошондон жаралса керек.
Куштар ак куш, кара куш болуп экиге бөлүнөт. Ак кушка карча куш, тынар, тунжур, туйгун, кыргый кирсе, кара кушка ылаачын, шумкар, бүркүт, ителги кирет. Азыркы учурда менде бүркүт, куш, ылаачын бар. Алар менен бош убактымда алектенем. Бир да жолу куш сатып алган эмесмин. Ага-инилерим сен бага аласың деп эле белекке беришкен», - дейт Мирбек Турганбаев.
Анын айтымында, бүркүттөр жаңы эт менен азыктанышат. Алгач колдо жем жесе, бара-бара аралыкты алыстатып турат. Канчалык алыстан жемге келсе ошончолук тапка келген болот. Аңчылык 15-20-январда башалып, 10-15-октябрда жыйынтыкталат.
«Жайкысын видео клипке, документалдык фильмге тартабыз деп келишет кɵбʏнчɵ. Биз апрелден баштап буларды түлөккө киргизебиз. Канаттуулар аңчылыкка чыкканда ар кандай жаныбарлар менен алышып, канат-куйругу сынат, жабыркайт. Ошондуктан апрелден баштап октябрь айына чейин бүркүт, куштарды багууга киргизип, эс алдырабыз. Түлөк дегени ошол. Түлөккө киргенде жабыркаган канат-куйруктары өзʏнɵ келип, жаңы кийим кийгендей жакшынакай болуп чыгат. Анын үстүнө январь айынан тартып аңчылык кылууга болбойт. Себеби бул учурда кɵпчʏлʏк жаныбарлар жумурткалайт. Буларды деле багуудан чыгарганда аттардай суутабыз. Семиз боюнча эле талпынтып-жулкунтуп алып чыгууга болбойт. Диеталык тамак деп коёбуз, этти жууп, ак жем кылып, калориясын кетирип беребиз.
Бүркүт кекчил келет. Уруп-сокпой, кордобой багуу керек. Үнүңдөн эле маанайыңды билип турат. Менин тажрыйбамда ээсине кол салган учур болгон эмес. Жаш балдарга кол салуусу мүмкүн. Баары бир жырткыч да. Жапайы жырткыч куштар тапка келип келгенге чейин бир топ эле кыйынчылык болот. Кɵндүрүп алган соң кадимкидей эле кол бала болуп калат. Бүркүтүм бир аз кекчил. Урушуп койсом эт жебей коёт. Сылап-сыйпап, эркелетип, таарынычын жазам. Кушум аябай ак кɵңүл. Шилтегениме жеткен учкул. Ылаачын тапка кыйынчылык менен келип, каалаган күнү кайрылбай кетип калат.
Ээсине үйүр алган куштун баары эле мүнүшкɵрдү ээрчийт. Мен ителгимди аңчылыктан кайтканда колума кондуруп кайтпайм. Ɵзүбүздүн аймакта болсо, үйгɵ менден мурда келип конуп калат. Ал тургай унаам менен бир жактан келе жатканда да талпынып, баркылдап, үн чыгарып калат. Балдарыма да аябай үйүр алган. Балапан кезден баккан куштар адамга жакшы байыр алат. Бирок аңчылыкка кечирээк жарайт. Ал эми учууга жарап калган кушту кармасаң, таптоо оңой болот. Себеби аны аңчылыктын ыкмаларына атасы же энеси үйрөтөт», - деди мүнүшкөр.
Кондурган туур ыңгайсыз болсо бүркүттүн таманы жара болуп, буттары шишип кетет. Ичеги курттар да куштарга коркунуч жаратат. Карчыга куш, ителгилер үчүн кургап калган, эскирген эт ооз көңдөйүн, тамагын жара кылып жиберет. Убагында дарылабаса куш ɵлʏп калат.
«Мүнүшкөрлүктүн кумары башка. Балдарың катары болуп калат. Жапайы, башка эле мейкиндикте жүргɵн жаныбарларды өзүмө ынандырып, анан менин тилимди алып, мени ээрчигенинен ырахат алам. Сылап-сыйпап отурганда эле алаксыйсың, күнүмдүк майда-чүйдө түйшүктөр унутулуп кетет. Азыр 6 жашар уулумду үйрөтүп жатам. Жемин беришет, анча-мынча аңчылыкка чыкканда ээрчитип алам. Ɵнɵр менден кийин ушуларда калышы керек. Бул тармакка кызыгуу бир ууч гана өнөрлүүлөрдө болгон үчүн калкка кеңири таанылбай келебиз. Бизге тектеш казак, түркмɵн элдеринде бүркүт, куш таптаган замандаштарды жолуктургам. Куш таптаган өзбек, азербайжандарды көргөн жокмун», - дейт мүнүшкөр.
Мирбек Турганбаев 2016-жылы Дүйнөлүк көзмөндөр оюндарында ителги менен барып, 3-орунду алган. Андан кийин Манас оюндарында, Ошто ɵткɵн салбурунда ийгиликтерди жараткан. Куштарын көргөзмөлөргө алып барып турат. Ал салбурун жана башка мелдештерге чакыруу болуп калса, Ош облусунун атынан катышат.