Turmush — Баткен облусунун Сүлүктү шаарында коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын баатыры Исхак Раззаковго арналып күмбөз тургузулду.
Иш-чара Исхак Раззаковдун киндик каны тамган Коросон жергесинде уюштурулду. Анын жүрүшундө сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлүп, Лейлек күрөшү боюнча мелдеш өттү.
Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара улуу инсан И.Раззаковдун жаркын элесин даңазалоо менен бирге улуттук баалуулуктарды сактоого жана муундар ортосундагы байланышты чыңдоого багытталды.
Turmush 2025-жылдын декабрь айында Лейлек районунун Коросон аймагына мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковго арналган күмбөздүн курулушу башталганын жазган.
Маалым болгондой, Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери ашар уюштуруп, негизги тепкичтер жана пайдубал куюлган.
Лейлек районунун Коросон аймагы (мурда кыштак болгон) Исхак Раззаковдун киндик каны тамган жери. Ал ушул жерде жарык дүйнөгө келип, 3 жашында апасынан, 6 жашында атасынан ажырап, жетим калган соң Ленинабад шаарындагы интернатка кеткен.
Исхак Раззаковдун туулган жерин зыярат кылгандардын саны дагы көбөйүүдө. Ошондуктан Лейлек районунун менен Сүлүктү шаарынын жетекчилери Коросон өрөөнүнө кооз архитектуралык курулуш куруп коюну чечишкен.
- Мурдагы Коросон кыштагы кийин Сүлүктү шаарына кошулуп калган.
Исхак Раззаков 35 жашында КПССтин Политбюросунун чечиминин негизинде Кыргызстандын министрлер кеңешинин төрагасы кызматына дайындалып, Улуу Ата Мекендик согуштан кийин оор абалга дуушар болгон өлкөнү кыйын кезеңден алып чыккан жетекчи болгон.
1979-жылы 19-мартта Москвада каза болуп, кийин сөөгү Кыргызстанга алынып келип, Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган