Turmush — Асхат Алыбаев республикалык олимпиадада биология сабагы боюнча 3-орунду алды. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде келечектеги максаты тууралуу айтып берди.
Асхат Алыбаев Бишкек шаарында төрөлүп, Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдовар айылында чоңойгон.
«Атам фермер, апам финансист. Мен балдардын улуусумун, иним менен карындашым бар. Кичинекей кезимден бери илимге кызыгып, биология менин сүйүктүү предметим болуп чыкты. Өткөн жылы 8-классымда Жайыл баатыр атындагы жалпы билим берүүчү лицейде окуп жүргөндө эле илим олимпиадаларына катыша баштагам. Учурда "Силк Вэй" эл аралык мектебинде 9-класста окуйм.
Келечектеги максаттарым — республикалык олимпиадада биринчи орунду алып, эл аралык олимпиадага жолдомо алып, Кыргызстанга медаль алып келүү», - деди ал.
Ал биологиядан сырткары программалоого дагы кызыгаарын айтты.
«Биологиядан сырткары программалоого дагы кызыгам, келечекте аны өздөштүрүп алууну пландап жатам. Менин хоббилериме сууда сүзүү жана видео оюндар кирет.
Келечекте дүйнөнүн абройлуу университеттерине тапшырууну пландап жатам. Мен бул өтө маанилүү жана татаал жол деп эсептейм. Ага өтө олуттуу жана жоопкерчилик менен мамиле жасоо керек», - деди окуучу.