Turmush — Бүгүн, 7-апрелге караган түнү саат 01:00 чамасында Талас шаарында унаа кырсыктан айдоочу каза болду. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык Талас шаарындагы Ч.Айтматов көчөсүндөгө май куюучу жайдын алдында болгон.
Алдын ала маалымат боюнча 31 жаштагы А.К А«уди 100» үлгүсүндөгү автоунаасы менен чыгыштан батышты көздөй бара жатып, рулду башкара албай электр мамысын сүзгөн. Ал алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
Унаада башка жүргүнчүлөр болгон эмес.