Turmush — Бүгүн, 6-апрелде Ош облусунун ички иштер башкармалыгына караган түзүмдөрдө ИИМдин Тергөө кызматынын 63 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарада башкармалыктын башчысы Нурланбек Бурканов тергөөчү бул мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылган адилеттүүлүктүн алдыңкы сабында турган жооптуу кесип экенин белгиледи.
«Кесипкөй тергөөчүнүн иш-аракети менен күнөөлүлөр жазасын алып, жабырлануучулардын укугу калыбына келтирилет», - деди ал.
Н.Бурканов ИИМдин жетекчилигинин жана өздүк курамдын атынан куттуктап, ийгилик жараткан кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.
Тергөө кызматынын расмий күнү катары 1963-жылдын 6-апрели эсептелет. Дал ушул күнү СССР Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен коомдук тартипти сактоо органдарына (милицияга) кылмыш иштерин тергөө укугу берилген.
Бул чечим кылмыштуулук менен күрөшүүнү натыйжалуу кылуу жана тергөө иштерин бирдиктүү борборго топтоо максатын көздөгөн.