Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 26.11.2019 14:23

Лейлектин Кой-Таш айылындагы мектептин экинчи кабатын куруу пландалууда

Turmush -  Лейлек районундагы 4 айыл өкмөт эл аралык уюмдар тарабынан каржыланган долбоордун алкагында 5 млн сомдук инвестиция тартып, жаштар үчүн спорт аянтча куруп, алыскы айылдардагы билим берүү мекемелерин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүштү.

Маалым болгондой, Катраң айыл өкмөтүндөгү Кой-Таш орто мектебинин имараты мындан 26 жыл мурун ашар жолу менен курулган. Алгач башталгыч класстарга билим берилип, кийинчерээк окуучулардын саны өсүп, орто мектепке айланган. Ошондон бери мектептин имараты оңдолбой келген болчу.

Айыл өкмөт башчысы Шарабидин Полотовдун айтымында, мектеп 90 окуучуга ылайыкташтырылып салынган. Бирок бүгүнкү күндө 140 окуучу билим алууда. Имаратта класстык 7 бөлмө бар. Мындан улам айыл өкмөт келечекте мектептин экинчи кабатын курууну пландаштырууда. Бул мектепке эл аралык уюмдар «Менин айылым» долбоорунун алкагында 25 миң доллар бөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×