Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 23.11.2019 19:57

Баткенде унаа жолдун жанынан зомбулук менен өлтүрүлгөн аял кишинин денеси табылды

Жаны-Жерский айыл окмоту Лейлекского района
Жаны-Жерский айыл окмоту Лейлекского района
// Turmush

Turmush -  Бүгүн, 23-ноябрда саат 10:30 чамасында Баткен облусунун Лейлек районунда аял кишинин денеси табылды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Жансыз дене Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө Кулунду-Жаңы-Жер унаа жолунун батыш тарабынан 80 метр алыстан табылган. Анын денесинен зомбулуктун белгилери байкалган (мойнунун бир жери кесилип, муунтулган). Азиат түспөлүндөгү маркум болжол менен 35-40 жашта. Кызыл түстөгү куртка, көк түстөгү сырткы кийим, кара түстөгү шым жана кыска такалуу бут кийимчен болгон. Ошондой эле колунда сары металлдан жасалган, кызыл ташы бар шакек жана ачык жашыл түстөгү сөйкөсү бар болчу. Чөнтөгүнөн 25 тажик сомониси табылган.

Денени сырттан кароо учурунда маркум 3 күн мурда каза болгону болжолдонгон. Аталган факт Лейлек РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде катталды. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ыкчам издөө иштери жүргүзүлүп жатат.

847c850cb8530f620e8f1966f8b2a245

847c850cb8530f620e8f1966f8b2a245

847c850cb8530f620e8f1966f8b2a245

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×