Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 21.11.2019 18:05

Лейлекте баңгизат сатуу үчүн жүргөн тажикстандык жаран кармалды

Turmush -  Лейлек районунда баңгизат сатып жүргөн деп шектелген Тажикстандын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Лейлек РИИБдин кызматкерлери тажикстандык жаран Лейлек районунда баңгизат сатуу максатында жүрөт деген алдын ала маалыматтын негизинде ыкчам тергөө амалдарын жүргүзүшкөн. Анын жүрүшүндө Лейлек районунун Жаштык айылында Тажикстандын Гафуров районунун 33 жаштагы Л.М. аттуу тургуну кармалды. Аны текшерген учурда кийип жүргөн курткасынын чөнтөгүнөн кара түстөгү, салмагы 13,8 грамм болгон зат табылган. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгында ал марихуана экендиги аныкталды. Кармалган адам камакка алынып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×