Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 16.11.2019 11:15 На русском

Лейлектин прокурору И.Токтосунов тууралуу эмне белгилүү?

Ильязбек Токтосунов
Ильязбек Токтосунов
// Фото Генеральной прокуратуры

Turmush -  Кыргыз прокуратурасынын 95 жылдыгына карата Turmush басылмасы прокурорлорду, бул тармакта иштеген ардагерлерди, алардын иш тажрыйбасын тааныштырууну улантат.

Лейлек районунун прокурору Токтосунов Ильязбек Каримжанович 1978-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сакалды айылында туулган. Юстициянын 2-класстагы кеңешчиси (2015-жыл). ОшМУнун юридикалык факультетин 2000-жылы бүтүргөн.

Эмгек жолун 2001-жылы Талас облусунун Талас районунун прокурорунун стажер жардамчысы кызматында баштап, 2002-2004-жылдары Талас районунун прокурорунун улук жардамчысы, 2004-жылы Талас облусунун прокурорунун улук жардамчысы, 2004-2007-жылдары Жалал-Абал облусунун Таш-Көмүр шаарынын прокуратурасында тергөөчү, 2007-2008-жылдары өзгөчө маанилүү иштер боюнча Жалал-Абад облустук прокуратурасынын тергөөчүсү, 2008-2010-жылдары Ала-Бука районунун прокурорунун орун басары, 2010-2012-жылдары Жалал-Абал облустук прокуратурасынын бөлүм башчысы, 2012-2016-жылдары Тогуз-Торо районунун прокурору жана 2016-жылдан тартып Лейлек районунун прокурору кызматында иштеп келүүдө. Үй-бүлөлүү, 3 уул, 1 кыздын атасы.

И.К.Токтосунов Лейлек райондук прокуратурасын жетектеген мезгилде прокурордук көзөмөлдүн эффективдүүлүгү, сапаты жана натыйжалуулугу жогорулап, ишти уюштуруу жана пландоону, эмгек ресурстарын жана жумуш убактысын оптималдуу пайдалануунун натыйжасында Лейлек райондук прокуратурасы прокурордук көзөмөлдүн бардык багыттары боюнча жакшы ийгиликтерге жетишип келүүдө. Атап айтканда, Лейлек районунун прокуратурасы тарабынан 2018-жыл ичинде мыйзамдардын аткарымдуулугуна көзөмөл багытында жалпы 124 текшерүү жүргүзүлүп, 205 мыйзам бузуулар аныкталып, жыйынтыгында 7 каршылык билдирүү, мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө 86 сунуш, 11 талап, 17 административдик жана тартиптик өндүрүш, ошондой эле, 3 кылмыш иши козголгон.

Келтирилген прокурордук чара көрүү актыларынын негизинде 95 кызмат адамы тартиптик жана 14 кызмат адамы административдик жоопкерчиликке кириптер болгон. Мындан сырткары 182 289 сом накталай түрдө жана 6 976 000 сом натуралдык түрдө мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн.

Лейлек районунун прокуратурасы тарабынан 2019-жылдын 9 айынын ичинде мыйзамдардын аткарымдуулугуна көзөмөл багытында жалпы 82 текшерүү жүргүзүлүп, 156 мыйзам бузуулар аныкталып, жыйынтыгында 14 каршылык билдирүү, мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө 61 сунуш, 6 талап, ошондой эле 26 материал Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, караштуулугу боюнча жөнөтүлгөн.

Келтирилген прокурордук чара көрүү актыларынын негизинде 72 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке кириптер болгон. Мындан сырткары 759 460 сом накталай түрдө жана 1 067 550 сом натуралдык түрдө мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн.

Прокуратура тарабынан башка укук коргоо органдары, эң биринчи ички иштер органдары менен бирдикте, кылмыштуулук менен күрөшүүдө калыптанып калган кырдаалды өзгөртүүгө багытталган бир катар чаралар кабыл алынып, жаңыдан кабыл алынган мыйзамдардын талаптарын жеткирүүгө катуу көңүл бурулду. Жер-жерлердеги акыбалды изилдөө менен талдоо жүргүзүлүп, райондун прокурорунун демилгеси менен жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кылмыштуулуктун алдын алуу иштерин алып баруу оң натыйжасын берүүдө.

Райондун аймагындагы кылмыштуулуктун жалпы абалына токтолсок, 9 оор жана өзгөчө оор кылмыштардын категориясындагы жана коомдук резонансты жараткан ар бир кылмыштар боюнча райондун прокурору И.Токтосунов окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу менен чыгып, жеке көзөмөлгө алынып, кылмыштын бетин ачуу багыты боюнча тынымсыз прокурордук көзөмөлдөө иштерин жүргүзүп, ведомстволор аралык ыкчам кеңешмелер уюштурулуп, өзгөчө татаалдыкты түзгөн жазык иштер боюнча тергөө топторун түзүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүп, милдеттүү түрдө аткарылууга жаткан жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрдү берип, натыйжада аталган категориядагы кылмыштардын бетин ачуу мурдагы жылдарга салыштырмалуу өсүп, бетин ачуу пайызы 100%ды түзгөн.

Райондун прокурору тарабынан Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөгө көзөмөл жүргүзүүдө кылмыш иштери окулуп, тергөө иштерин уюштуруу, тийиштүү тергөө аракеттерин, экспертизаларын жана башка изилдөө-тергөө иштерин алып баруу жөнүндө 73 көрсөтмө берилген.

Райондук ИИБнын тергөө бөлүмү тарабынан тергөөсү аяктаган 24 кылмыш иш райондун прокурору тарабынан көзөмөл иретинде окулуп чыгып, негизинен кароо үчүн райондук сотко жиберилген. Мындан сырткары райондук ИИБнын тергөө бөлүмү тарабынан өндүрүштөн убактылуу токтотулган 31 кылмыш иш райондун прокурору тарабынан окулуп чыгып, 5 кылмыш иш боюнча кабыл алынган чечимдер бузулуп, кошумча тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн райондук ИИБна жиберилген.

Арыз жана даттанууларды кароодо райондук ИИБнын кызматкерлери тарабынан мыйзамдын талаптарын бузган фактылар боюнча Лейлек райондук ИИБнын кызматкерлерине карата 8 сунуш келтирип, 1 тартиптик өндүрүш иши козголгон. Аларды кароонун жыйынтыгында 6 кызматкерге карата тартиптик чаралар кѳрүлгѳн. Райондун прокурору тарабынан кылмыш иш боюнча шектүүлөрдү жана айыпкерлерди УКЖда кармоо абалынын мыйзамдуулугуна принципиалдуу көңүл бурулуп келет. Бул багытта, кармалган адамдарга карата кыйноо же башка ырайымсыздык мамиле жасоого жол бербөө багытында райондук прокуратура тарабынан 40 күтүүсүз текшерүүлөр жүргүзүлгөн.

Ошондой эле негизсиз жана мыйзамсыз процессуалдык мажбурлоо чараларын колдонууну жок кылуу максатында райондук ИИБнын кызматкерлеринин кабинеттери жана административдик укук бузуучуларды кармоочу жайда райондук прокуратура тарабынан ар жумада пландык жана капысынан текшерүүлөр жүргүзүлүп турат. Оор жана өзгөчө оор кылмыштардын категориясындагы жана жашы жете электердин 7 кылмыш иштеринин соттук кароосуна И.Токтосунов жеке өзү катышып, айыптоо өкүмдөрү кабыл алынган. Белгилеп кетүүчү жагдай, И.Токтосунов Лейлек районунун прокурору болуп ишке киришкенден, бүгүнкү күнгө чейин сотко жиберилген кылмыш жана жорук иштери боюнча актоо өкүмдөрү кабыл алынган жок.

Ошондой эле Лейлек райондук прокуратурасы тарабынан келтирилген доо арыздарды кароосунун жыйынтыгы менен мамлекеттин эсебине 5 га жер кайтарылган. Райондук прокуратурага 72 арыз-даттануулар келип түшүп, алардын ичинен 31 чечилип,14 канааттандырылып, 41 тийиштүүлүгү боюнча башка органдарга жөнөтүлгөн. Чечилген арыздардын чечүү мөөнөттөрү бузулган жана кайталап түшкөн арыздар болгон эмес. Ал эми, 46 жаран прокурордун жеке кабыл алуусунда болгон.

Коррупцияга каршы мыйзамдардын аткарылышы жөнүндө райондук «Ата-Журт» гезитине И.Токтосунов тарабынан 3 макала жарыяланып, мамлекеттик администрациясынын коллегиясында 3 жолу, айылдык округдардын чогулуштарында 8 жолу доклад окулган. Лейлек районунун прокурору И.К.Токтосунов адистик квалификациясын жана кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча ар дайым изденип, өз убагында мыйзамдарга киргизилген толуктоолор, өзгөртүүлөр боюнча ыкчам кеңешмелерде баяндап, окуу-семинарларды өткөрүп келет.

Лейлек районунун прокурору кызматында өзү жетектеген коллективинин жана мекеме жетекчилеринин арасында урмат сыйга ээ болуп, иштен бош убактысында кол алдындагы эмгектенген кызматкерлер менен чогуу спорттун түрлөрү менен машыгууну уюштуруп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×