Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 15.11.2019 13:26 На русском

Чүйлүк адамдын малын алып, 300 миң сом акчасын бербей жүргөн тажикстандык жаран Лейлектен кармалды

Turmush -  Сокулуктук адамды алдап, 300 миң сомун бербей жүргөн тажикстандык жаран Лейлек районунан кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын июнь айында Сокулук районунун тургуну Лейлек РИИБге арыз менен кайрылган. Ал Лейлек районунун Арка айылындагы мал базарда Тажикстандын жараны бодо малдарын баалап алып, 77 миң сом гана берип, калган 300 миң сомго жакын акчасын бербей качып жүргөндүгүн билдирген. Ал Чүйдөн Лейлекке мал ташып, Арка айылындагы базардан тажик ишкерлерине сатуу менен алектенчү. Кылмышка шектелген адам экөө буга чейин мал сатып ишкерлик мамиледе болушкан.

Бул факты боюнча Лейлек районунун милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшүп, кылмышка шектелип Тажикстандын Согди облусунун Сарикамар шаарынын 35 жаштагы Рустам аттуу тургуну Лейлек районунда жүргөн кезде кармалды. Азыркы учурда бул факты боюнча Жазык кодексинин 204-беренесинин (алдамчылык) 3-пунктунун негизинде сотко чейинки өндүрүштүк иши башталды. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×