Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 14.11.2019 18:36

Лейлекте бодо малдарды уурдап Тажикстанга сатууга шектелген жигиттер кармалды (сүрөт)

Turmush -  Лейлек районунда жыл башынан бери бодо мал уурдап сатып жүрүүгө шектелген жигиттер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Кулунду айылынын 24 жана 25 жаштагы 2 тургуну кармалды. Алар Лейлек районунун Маргун, Кулунду, Булак-Башы, Исфана, Коргон, Рават айылдарындагы короолордон бодо малдарды уурдап, Тажикстандын Б.Гафуров районунун 24 жаштагы А. аттуу тургуну менен сүйлөшүп, малды Тажикстанга алып барып сатып жүрүүгө шектелип жатышат. Алар жалпысынан 13 уурулук факты боюнча шектелүүдө. Уурдалган малдар өз ээлерине кайтарылып жатат.

Бул фактылар боюнча Жазык кодексинин 200-беренесинин (уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×