Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 13.11.2019 17:21

Лейлектеги электр тармактар ишканасында калкты тейлөө борбору ачылды

Turmush -  Кечээ, 12-ноябрда Лейлек райондук электр тармактар ишканасынын кеңсесинде калкты тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, тейлөө борбордун максаты — кардарлар менен иштешүүдөгү байланышты жакшыртуу. Бул борбор Лейлек районундагы кардарларды тейлейт. Борбордо суроолорго жооп берүүчү 2 оператор иштеп баштайт. Мекеме-ишканаларды тейлөөчү 1 инженер жана арыз-даттанууларды кабыл алуучу 1 менеджер иш алып барат. Тейлөө борборунун кеңсесин оңдоп-түздөөдөн өткөрүүгө жана тейлөөчү техникалар менен камсыз кылууга «Ош электр» ААКтын каражаты жумшалды.

Лейлек райондук электр тармактар ишканасы учурда 9 айыл өкмөттө 24 миңден ашуун абонентти тейлейт. Алардын ичинен 1734си мекеме-ишканалар, 22302си жеке үйлөр болуп эсептелет. Лейлек райондук электр тармактары 1956-жылы Сүлүктү электр тармактары болуп түзүлгөн. Андан кийин 1978-жылы Лейлек райондук электр тармактары болуп бөлүнүп чыккан.

Тургундардын айтымында, буга чейин ар кандай төлөм боюнча көйгөй жаралып келген. Алар Кадамжай райондук электр тармактар ишканасына кайрылып, көптөгөн кыйынчылыктар болчу. Кайрылуулар өз убагында жооп берилбей кээде жоопсуз да калган учурлар да болгон. Мындан ары ошол көйгөйлөр ушул мекемеде чечилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×