Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 12.11.2019 17:03

Лейлектеги айылга жеке ишкер 8 млн сомго маданий борбор куруп берди (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 12-ноябрда Лейлек районунун Ай-Көл айылында У.Абдираимова атындагы балдарга билим берүү жана маданий борборунун ачылыш аземине арналган салтанат өттү. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарага облус жетекчилигинин өкүлдөрү баш болгон чиновниктер, жергиликтүү тургундар катышты. 30 орун ылайыкташтырылган бул борбор жеке ишкер тарабынан 8 млн сомго салынды. Имарат Тогуз-Булак айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилет.

Аталган ишкер мындан тышкары Лейлек райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна баасы 15 миң долларлык тез жардам унаасын белекке берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×