Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 30.10.2019 11:20 На русском

Мурдагы кайын атанын кеги: Баткенде өз үйүндө атылган жигиттин өлүмүнүн чоо-жайы. Сүрөт

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  27-октябрда Лейлек районунун Бешкент айылында желкесине ок тийип каза болгон 25 жаштагы жигитти мурдагы кайын атасы аткан. Бул тууралуу Turmush басылмасына жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, каза болгон жигит аны атууга шектелип кармалган 48 жаштагы Х.Д.нын кызы менен 2 жыл жашап, 1 кыздуу болгондон кийин ажырашып кеткен. Ал 1 ай мурда башка кызга үйлөнүп, бирок мурдагы аялына тынчтык бербей келген. Х.Д. кызын башка бирөө менен кудалашып койгондо мурдагы аялын кызганган күйөө бала ал жигит менен да мушташып, жаңжал чыгарган.

Мындан сырткары биринчи аялынын үйүнө барып уруш чыгарып, аны уюлдук телефонуна видеого тартып, «интернетке жарыялайм» деп опузалап жүргөн. Анын кесепетинен келиндин атасы Х.Д. мурдагы күйөө баласынын үйүнө барып, коркутуп коюу үчүн мылтыгы менен арка жагынан аткан. Бирок жабырлануучу ооруканага жетпей каза болгон. Анын денеси 28-октябрь күнү жерге берилди.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы 27-октябрда Лейлек районунун Бешкент айылында желкесине ок атылган 25 жаштагы жигит каза болгонун кабарлаган.

Маалыматка караганда, каза болгон жигит 27-октябрда саат 00:30 чамасында өзүнүн үйүнөн сыртка чыгып, кайра кирип бара жатканда белгисиз адам сайсыз курал менен арка жагынан ок аткан. Ок чыгарган адам окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу ооруканага жетпей каза болгон. Баткен ОИИБдин жана Лейлек РИИБдин кызматкерлеринен ыкчам топ түзүлүп, 28-октябрь күнү кылмышка шектелип ошол эле айылдын 48 жаштагы тургуну Х.Д. өз үйүнөн кармалган. Анын ок аткан куралы да жанынан табылган. Бул факт боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кийин тийиштүү экспертизалар дайындалып, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×