Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 19.10.2019 14:00

Лейлекте атайын уюм менен Россияда иштеген адамдардын укуктарын коргоо боюнча меморандумга кол коюлду

Turmush -  Бүгүнкү күндө 150 миңге жакын адам жашаган Лейлек районунан эмгекке жарамдуу 20 миңден ашык адам ички жана тышкы миграцияда жүрөт. Бул тууралуу райондун акими Баймурат Бекмуратов билдирди.

Ал эми «Мигранттардын кесиптик бирлиги» коомдук бирикмесинин төрагасы, Жамалидин Эшенкуловдун айтымында, мигранттар Россияда ишке кирүүгө уруксат алуучу документтер менен мыйзамсыз иш алып барган ортомчулар аркылуу алып, атайын келишим түзүп жумушка орношпой, кээ бир учурларда эмгек акысын ала албай жаткан көйгөйлөрү бар. Тилекке каршы Россияда иштеп жүрүп ар кандай кырсыктардан улам каза болуп, денеси келип жаткан мекендештер да бар.

Мындай көйгөйлөрдү чечүүгө көмөк көрсөтүү максатында Лейлек районунда талкуу болуп, мигранттардын профсоюзу түзүлдү. Кыргызстандагы эмгек мигранттарынын профсоюзу менен Россиянын «Новые профсоюзы» уюмунун ортосундагы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. «Новые профсоюзы» уюмунун жетекчилиги мындан ары Баткен облусунун мигранттар профсоюзу менен кызматташып, аларга колдоо көрсөтүлө тургандыгын билдирди.

Мындан ары мигранттардын кесиптик бирлиги түштүк аймак боюнча дагы түзүлөт. Ага мүчө болгон мигранттар ай сайын 20 сомдон мүчөлүк акы төлөп турушат. Топтолгон каражат мигранттарды колдоого жумшалат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×