Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 15.10.2019 15:00

Лейлектин Кулунду айыл өкмөтүндө кагаз иштери электрондоштурулду

Turmush -  Лейлек районунун эң алыскы, чек арада жайгашкан Кулунду айыл өкмөтү электрондоштуруу жаатындагы иштерди жүзөгө ашырууда.

Айыл өкмөттүн маалыматына караганда, 2018-жылдын 1-январынан тарта Кулунду айыл аймагынын кеңсесинде «Бирдиктүү терезе» системасы ишин баштаган. Программаны ишке ашыруу максатында аталган айыл аймак БУУга долбоор жазып, натыйжада аталган уюм пилоттук айыл аймак катары колдоого алды. Адистерди окутуп, керектүү жабдуулар менен камсыздап, ар бир үй-бүлөнүн «Чарба китепчесин» иштеп чыгууга көмөктөшкөн. «Чарба китепчеси» 12 миң нускада чыгарылып, ар бир үй-бүлөгө таратылды. «Бирдиктүү терезе» кызматынын ишке кирүүсү менен айыл өкмөттүн чарбалык китеби электрондоштурулду.

Алар:

- Айыл аймактын тургундарына жашагандыгы, үй-бүлөсү, мал-мүлкү жөнүндө тактаманы кыска убакытта, тагыраагы 3 мүнөттүн ичинде берүүгө жетишишти;

- Айыл өкмөттүн тургундарынын салыктарынын түрлөрү эсептелип чыгарылууда;

- Айыл өкмөттүн жер үлүштөрүнүн, чарбактарынын, малынын башы жана түрлөрү жөнүндө маалыматтары катталды;

- Айыл өкмөттөгү коммуналдык төлөмдөрдү кабыл алууга шарт түзүлдү;

- Жарандар алган маалымдамалар үчүн кол койдурууга айыл өкмөттүн башчысын жана жооптуу катчыны издеп убара болбойт. Бул жумуштарды да система өзү аткарат;

«Бирдиктүү терезе» кызматында 4 кызматкер иштеп жатат. Бул система өлкөнү санариптештирүү максатында ишке ашырылып жаткан «Түндүк» программасына дээрлик даяр. «Бирдиктүү терезе» учурда Кулунду айыл аймагындагы 26 миңге жакын адамды тейлөөдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×