Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 14.10.2019 17:52

Лейлектин Кулунду айылында 180 орундуу бала бакчанын 2-кабаты курулуп жатат

Turmush -  1-августтан тарта Лейлек районунун Кулунду айылында 180 орундуу бала бакчанын 2-кабаты курулуп жатат. Бул тууралуу Кулунду айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда имараттын экинчи кабатынын курулушу кызуу жүрүп жатат. Имаратты куруу долбоорун ишканалардын бири 3 млн 981 миң 696 сомго сынактын негизинде утуп алган. Учурда 2-кабаттын дубалы тургузулуп, чатырын жабуу иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×