Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 14.10.2019 11:49

Лейлектин Кулунду айылында 16 млн сомго спорт зал курулду

Turmush -  Лейлек районунун Кулунду айылында жергиликтүү бюджеттин эсебинен жаңы спорт зал курулду.

Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Өскөнбай Ташбалтаевдин айтымында, курулушу 2017-жылы ноябрь айында башталган имараттын жалпы сметалык баасы 16 млн сомду түздү. 16 млн сомдун 3 млн сому жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан, калган 13 млн сому жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды. Спорт зал жакынкы күндөрдү пайдаланууга берилет.

Буга чейин Кулунду айылында чоңдор үчүн спорт зал жок болгондуктан мелдештер мектептин спорт залында өтүп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×