Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 02.10.2019 16:37

Лейлекте медайым жана мугалим жубайларга 1 жуманын ичинде жер берилмек болду

Turmush -  Лейлек районунун Максат айылында медайым болуп иштеген Жамийла Мажитовага үй куруу үчүн жер тилке берүү маселеси көтөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда облус жетекчилигинин айыл тургундары менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.

Жамийла айымдын айтымында, жолдошу Максат орто мектебинде орус тилчи мугалим болуп иштейт. Экөөнүн 3 баласы бар. 2013-жылы аларды «Максат айылына келип иштесенер жер алып беребиз» деп алып келишкен. Бирок арадан 6 жыл отсо да жер ала албай, ижарага үй алып жашап келишет. Бул көйгөй менен бир топ жетекчиликке кайрылышып, бирок маселе чечилбей келе жатат.

«Батирден батирге көчүп жүрөм. Мектепке жакын болсо болду. Балдар да, өзүбүз да кыйналбайбыз деп жакыныраак жерден үй караштырып жашап жүрөбүз. Жерге тиешелүү документтерди даярдап жүгүрдүм, бирок тыянак чыкпады. Мен жарым ставкада иштейм. Тактап айтканда күнүнө 3 саат гана иштейм. Үйгө ийне сайдырганы келгендерге жардам берем», - деди ал.

Баткен облусунун жетекчиси Акрам Мадумаров бул маселени чечүүгө жергиликтүү бийликке 1 жума убакыт берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×