Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 01.10.2019 09:00

Лейлектеги кыргыз-тажик чек арасында «Достук» көпүрөсү ачылды (видео)

Turmush -  Кечээ, 30-сентябрда Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасында «Достук» деп аталган көпүрө салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, иш-чарага өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, Тажикстандын Согди облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзода жана башка бир топ жетекчилер, эки тараптын жергиликтүү тургундары катышты.

«Бул көпүрөнүн ачылышы эки элдин достугун бекемдөөгө шарт түзөт. Буга чейин ата-бабаларыбыз достукта, ынтымакта жашап келишкен. Мындан ары 16-сентябрдагыдай окуя болбосун. Эки элдин тынчтыкта, биримдикте жашоосуна түрткү болгон көпүрө болсун», - деди Акрам Мадумаров.

Кыргыз-тажик аксакалдары элди ынтымакка чакырып, бата беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×