Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 30.09.2019 11:35

Баткендин Максат айылынын эли өз көйгөйлөрүн айтып чыгышты

Turmush -  Бүгүн, 30-сентябрда Лейлек районунун Максат айылынын тургундары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушту.

Маалым болгондой, иш-чарага өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов, Баткен облустук чек ара башкармалыгынын башчысы Замир Мийзаев катышты. Анда айылдагы чек ара маселеси тууралуу бир топ көйгөй айтылып, тургундар үчүн үлүш жерлер берилбегени белгилүү болду. Ага катар эле Максат айылындагы ФАПка кошумча штат берүү маселеси айтылды. Мекемеде азыркы учурда 2 медайым, 1 фельдшер, бир санитарка иштейт.

Максат айылы 1994-1995-жылдары Тажикстан менен чек араны бекемдөө максатында түптөлгөн. Алгач 60 үй курулуп, алар элге акысыз берилген. Бирок үйлөрдүн документи 25 жылдан бери берилбей келет. Үйлөр айыл өкмөттүн балансында турат. Айылдыктар аларды 35 миң сом төлөп өздөрүнө алышы керектиги боюнча талаптар болгонун билдиришти. Облус башчысы Акрам Мадумаров прокуратуранын, Мамкаттоонун, айыл өкмөттүн өкүлдөрүнө бул маселени карап, чечип берүүнү тапшырды.

Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев элдин атынан Максат айылындагы 25 көйгөйдү айтып, аларды чечип берүүнү суранды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×