Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 26.09.2019 17:02 На русском

Тажикстан менен чектешкен Максат айылында 1,8 миң гектар кайрак жер өздөштүрүлөт. Видео

Turmush -  Лейлек районунун Максат айылында 1 миң 800 гектар жер өздөштүрүлөт. Анын алкагында Арка массиви сугат суу менен камсыздалат. Бул маалыматты аймактык кабарчы тактады.

Керектүү каражаттын бир бөлүгү 2020-жылы республикалык бюджеттен, калган бөлүгү эл аралык уюмдардан каржыланат.

Максат айылы Баткен облусунун борборунан (Баткен шаары) 200 чакырым алыста жайгашып, Тажикстан менен чектешип турат. Буга чейин Максат айылына барчу жол Тажикстан аркылуу өткөн, ошодуктан коңшу өлкөдөн көз карандысыз болгон башка жол курулган. Айылда суунун тартыштыгы чек арадагы тургундардын башка жакка көчүп кетишине негиз болууда.

«Жаштар кайра айылга көчүп келиши үчүн сугат суу, таза суу маселесин чечиш керек. 4-5 км канал курулса 1 миң түтүндү суу менен камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт», - дейт Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев.

Максат айылынын тургуну Марзия Кабылова аймакта кайрак жер көп экенин, аларды өздөштүрүүгө жардам берилсе, айылда калктын саны көбөйө турганын билдирди.

Ал эми өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эрмек Бахавидиновдун айтымында, Максат айылында элдин жашоо-шартын жакшыртуу жана чек арадагы калкты кармап калуу максатында орто мектеп, ФАП жана милиция бөлүмү ачылган. Ошондой эле 300 гектар жер трансформацияланып, тургундарга бөлүнүп берилген. Дюкер курулса Максат айылындагы 1 миң 800 гектар жерден сырткары Арка өрөөнүндөгү кайрак жерлерди да өздөштүрүүгө шарт түзүлөт.

Максат айылында учурда 200дөн ашык түтүн жашайт.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×