Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 24.09.2019 08:53

Видео — Кыргыз-тажик чек арасындагы тургундар футбол ойношту

Turmush -  23-сентябрда Лейлек районунун Максат айылы менен Тажикстандын Согди облусунун Бободжон Гафуров районунун жашоочулары футбол ойношту, деп билдирди аймактык кабарчы. Лейлектен 5 тургун жана Бободжон Гафуровдон 5 тургун аралашып, эки командага бөлүнүштү.

Жыйынтыгында эки команда тең чыгып, оюнчуларга Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов тарабынан акчалай сыйлык, ал эми Бободжон Гафуров районунун акими Зариф Назири тарабынан баалуу белектер тапшырылды.

«Бул иш-чара эки өлкөнүн мамилесин чыңдап, достугун бекемдөөгө өбөлгө болот деген ишеничтемин.

Бүгүнкү күндө абал тынч. Чек арачылар чек араны кайтарып, милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту көзөмөлдөп турушат», - дейт Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов.

Бул спорттук оюнга Бободжон Гафуров районунун акими Зариф Назири баштаган жетекчилер, кыргыз тараптан өкүлдүн аппаратынын жооптуу кызматкери Учкунбек Жоробаев, Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов жана эки тараптын укук коргоо органдарынын кызматкерлери күбө болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×