Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 20.09.2019 18:23

Тажикстандыктар Баткендеги чек арадан аскердик техникаларын алып кетишти

Turmush -  Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жетишилген макулдашууларга ылайык эки тараптын чек арачылары чек арадан кошумча күчтөрүн жана аскердик техникаларын алып кетишти. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары тактала элек аймактарды биргелешип көзөмөлдөп жатышат. Өткөрмө пункттар штаттык режимде иштеп жатат.

Баткендеги ок атышуу: Чек арадагы окуялардын башталышы жана абалдын курчушунун чоо-жайы. Видео

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×