Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 20.09.2019 17:29

Чек арада ок атышуулар болгон Максат айылынын элине 190 миң сомдук эт, азык-түлүк таратылды (видео)

Turmush -  Кечээ, 19-сентябрда Лейлек районунун Максат айылынын тургундарына, чек ара кызматкерлерине жаштар тарабынан материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнүн жаштары 100 миң сомдук, Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн жаштары 70 миң сомдук, Баткен районунун Көк-Таш айылынын жаштары 20 миң сомдук материалдык жардам көрсөтүштү. Мал союлуп, элге эт жана ар кандай азык-түлүктөр таратылды.

Баткендеги ок атышуу: Чек арадагы окуялардын башталышы жана абалдын курчушунун чоо-жайы. Видео

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×