Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 20.09.2019 16:18

Баткендеги чек арада ок тийген мектептин окуучулары менен психолог иштеп жатат

Turmush -  Лейлек районунун Максат айылындагы чек арада ок тийген мектептин окуучулары менен психолог иштеп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мектепке психолог менен чогуу райондук билим берүү бөлүмүнөн атайын адис жиберилди.

Психологдун айтымында, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуялардан кийин окуучулар арасында олуттуу стресске кабылгандар жок. Ата-энелерде бир аз чочулоо байкалат. Максат айылындагы мектепте 2 күндүк тыныгуудан кийин окуу процесси кечээ жанданган. Бүгүн 196 баланын ичинен 112 окуучу сабакка келди. Калгандары кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кийин коңшу айылдардагы туугандарынын үйүнө кеткен. Ал ортодо чек арадагы чырдан улам мектепке келтирилген материалдык зыян эсептелип, акт түзүлдү. Чыгым 129 миң 500 сом деп аныкталды.

Буга чейин чек арадагы чырда тажик тараптан атылган октор Максат айылындагы мектепке да тийгени кабарланган болчу.

Кечээ, 19-сентябрда Максат айылындагы орто мектепте кайрадан окуу процесси башталгандыгы белгилүү болгон. Кечээ мектептеги 196 окуучунун ичинен 50 окуучу сабакка катышкан.

Ошондой эле коңшу Бешкент айыл өкмөтүндөгү А.Момунов атындагы орто мектебинде да окуу процесси жанданган. Бул мектепке 16-сентябрда Кулунду айылынын тургундары жайгаштырылган болчу. Анда жалпы 305 окуучу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×