Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 20.09.2019 15:05 На русском

Баткендеги чек арада тажик тараптын мыйзамсыз курулуштары бузулуп жатат. Видео

Turmush -  Лейлек районунун Максат айылындагы кыргыз-тажик чек арасында тажик тараптын курулуш иштери токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Баткен облусунун жетекчисинин орун басары Кеңеш Салихов билдирди.

16-сентябрда Лейлек районунун Максат айылында такталбаган аймактарга курулуш куруунун кесепетинен чыккан чырдын аягы кыргыз-тажик чек арачыларынын ок атышуусу менен аяктап, бир топ зыян алып келген. Андан кийин эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Анда эки тарап тең такталбаган жерге курулуш курууну токтотушу керектиги айтылган.

Бүгүнкү күндө Баткен районунун Жака-Өрүк аймагында тажик тарап жүргүзүп жаткан курулуш иштери токтотулуп, атайын техникалар пайдубалдарды бузуп жатат. Тажик тараптын Максат айылындагы Кык жайлоосу жактагы курулуш иштери да токтотулду. Ошол эле учурда кыргыз тараптан жүрүп жаткан курулуш иштери да токтотулду.

Баткендеги чек арада ок атышкан окуялардын башталышы, анын чоо-жайы тууралуу маалыматты бул шилтемеден окусаңыз болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×