Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 19.09.2019 17:39

Баткендеги чек арада атылган октор тийген мектепте окуу процесси башталды

Turmush -  Бүгүн, 19-сентябрда Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнүн Максат айылындагы орто мектепте кайрадан окуу процесси башталды.

Маалым болгондой, бүгүн мектептеги 196 окуучунун ичинен 50 окуучу сабакка катышты. Калгандары кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кийин коңшу айылдардагы туугандарынын үйүнө кеткен.

Ошондой эле коңшу Бешкент айыл өкмөтүндөгү А.Момунов атындагы орто мектебинде да окуу процесси жанданды. Бул мектепке 16-сентябрда Кулунду айылынын тургундары жайгаштырылган болчу. Анда жалпы 305 окуучу бар.

Кечээ, 18-сентябрда билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан жабыркап, Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып жаткан Максат айылындагы мектептин информатика мугалими Замир Адинаев менен 8-класстын окуучусу Раимберди уулу Өткүрбектен кабар алган.

Баткендеги ок атышуу: Чек арадагы окуялардын башталышы жана абалдын курчушунун чоо-жайы. Видео

Буга чейин чек арадагы чырда тажик тараптан атылган октор Максат айылындагы мектепке да тийгени кабарланган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×