Тажикстандын жарандары кыргыз-тажик чек арасындагы курулуш иштерин токтотту
Turmush - Тажикстан кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы такталбаган аймакта курулуш иштерин токтотту, деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы.
Лейлек районунун Максат айылындагы футбол талаасынын аймагындагы курулуш иштери 16-сентябрда токтотулган. Бүгүн, 18-сентябрда Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) айылындагы курулуш иштери токтотулду.
Чек ара кызматынын маалыматына караганда, учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу. Аймакта бардык өткөрмө пункттар штаттык режимде иштеп жатат. Ошондой эле «Кулунду—унаа жолу» өткөрмө пунктунда Тажикстан тарап Кыргызстан менен Тажикстандык жарандарын өткөрүп баштады.
«Ошондой эле Кыргызстандын Чек ара кызматынын бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Кыргызстан жана Тажикстандын Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү улантууда», - деп айтылат билдирүүдө.
-------------
Окуянын толук хронологиясы бул шилтемеде.
17.09.2019 | Баткендеги чек арада ок атышуу: Жаракат алгандардын тизмеси |
17.09.2019 | Баткендеги ок атышуу: Чек арадагы окуялардын башталышы жана абалдын курчушунун чоо-жайы. Видео |
17.09.2019 | Баткендеги чек арада ок атышуу: Кечээ Кулундудагы аялдар менен жаш балдар башка айылдарга көчүрүлдү |
17.09.2019 | Видео — Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы ок атышуулардын кесепеттери |
17.09.2019 | Чек арадагы ок атышуу: Максат айылынын тургундары окуянын чоо-жайын айтып беришти. Видео |