Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Баткен

Лейлектеги селден кийин жалпы 31 үй тазаланды (фото)

Turmush -  Лейлек районундагы сел жүргөн аймактарда жалпысынан 16 үйдүн ичи, 1 бала бакчанын короолору, 25 үйдүн жер тилкелери сел сууларынан тазаланды.

ӨКМдин маалыматына караганда, мындан тышкары 17,5 чакырым жол, 2,4 чакырым арык калыбына келтирилди. 200 метр суу түтүкчөсү, чарбалык 3 көпүрө, 4 электр мамычасы оңдолду.

Окуя тууралуу:

9-10-11-июнь күндөрү Лейлек районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Лейлек, Катраң, Сумбула, Тогуз-Булак, Бешкент жана Маргун айыл аймактарында сел жүргөн. Селдин кесепетинен жалпы район боюнча 16 үйгө сел кирип, 1 бала бакчанын, 112 үйдүн жер тилкелерин, 27 чакырым жолду, 5,7 чакырым арыкты, 1 чакырым суу түтүктөрүн, 370 метр дамбаны, чарбалык 6 көпүрөнү, 4 даана электр мамычасын сел суулары каптаган. Ошондой эле 21 баш бодо малды сел агызып кеткен. Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине алгачкы күндөрү өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов өзү жетекчилик кылган. Турак жайлары жабыркаган адамдарга чатырлар тигилип берилип, ошол жакка көчүрүлүп чыгарылды.

Лейлек районунун акими тарабынан райондун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Ошондон бери кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 579
Көп окулду
×