Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Баткен

Лейлектеги сел: Китептери, документтери селге агып кеткен окуучу кыздын көз жашы (видео)

Turmush -  9-июнда Лейлек районундагы селдин суусу Катраң айылындагы окуучу кыз Надира Олжобай кызынын китептерин, 9-классты аяктагындыгы боюнча күбөлүгүн агызып кетти.

«Селден өзүбүз аман-эсен калдык. Бардык китептерим агып кетти. 1 эле китебим калыптыр. Аттестатым, жалпы республикалык тестирлөөгө даярданып жаткан тесттерим, документтерим да жок», - деди ал.

Надира Катраң айылындагы №5 гимназияда 10-класста окуйт. Лейлекте болгон селден 12 үй, 1 бала бакча, 3 көпүрө жараксыз болгону маалым болгон. Сел кечээ, 10-июнда кайталанып, райондо өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу.

Окуя тууралуу:

9-июнда Баткен облусунун Лейлек районунда катуу жаан жаап, саат 16:15 чамасында Кара-Суу, Ак-Терек айылдарында жана Катраң айыл аймагынын Катраң, Өзгөрүш айылдарында сел жүргөн. Селдин кесепетинен Кара-Суу айылында 3 турак үйдү, бала бакчанын имаратын жана 30 турак жайдын чарбактарын суу каптаган.

Ошондой эле Ак-Терек айылында 25 турак үйдүн чарбактарына сел суулары кирген. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Коргон–Катраң–Баул ички чарбалык унаа жолунун 16-21-чакырымдарын, Исфана–Андарак–Көк-Таш ички чарбалык унаа жолунун 14-18-чакырымдарын шагыл аралаш сел каптап, унаа жол убактылуу жабылды. Бул жолдорду тазалоо иштерин №13 жол тейлөө ишканасы жүргүзүп жатат. Селдин кесепеттерин жоюу иштерине саат 18:35те ӨКМдин 31 куткаруучусу жана Баткен облустук башкармалыктан ыкчам топ чыгып кетишкен.

Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаевдин айтымында, саат 16:00 чамасында катуу жаандан улам сел жүрүп, айылдагы 8 үйдү жараксыз кылган.

«Биздин айыл тоого жакын жайгашкан. Катуу жаан жааган учурда дайыма сел каптап, эл жылдап тапкан каражатына курган үйүн, короосун, сарайын суу алып кетет. Качанкыга чейин тоо астында, кооптуу жерлерде жашайбыз? Бул меселени жогорку жана жергиликтүү бийлик тез аранын ичинде карап чыгып, башка жерди трансформациядан өткөрүп, элди коопсуз жерлерге көчүрүү керек. Биз өкмөткө кайрылабыз, жардам беришсин. Бүгүн дагы сел жүрүп, элдин тапканын, мээнетин алып кетти. Учурда эл эмне кыларын билбей, айрымдары ыйлап жүрөт», - деген Бөрүбаев.

Катраң айылынан сүрөттөр

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3510
Көп окулду
×