Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Баткен

Лейлектин чек арадагы Максат айылынын тургундарынын ден соолугу текшерилди (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Максат айылынын тургундары акысыз медициналык кароодон өтүштү. Бул тууралуу Баткен облусунун жетекчилиги маалымдады.

Маалыматка караганда, айылга көз, кулак, мурун дарыгери, хирург, балдар дарыгери, акушер-гинеколог, травматолог, ортопед жана УЗИ, лаборатория адистери барып, жаш балдардын, аялдардын жана карыялардын саламаттыгын текшеришкен. Текшерүүнүн жүрүшүндө невропатолог 44, тиш дарыгери 13, хирург 11, терапевт 29, көз дарыгери 12, балдар дарыгери 21, акушер-гинеколог 38 адамды кароодон өткөрсө, УЗИ аппаратына 38 адам, лабораториядан 49 адамдын анализдери текшерилди. Дарыгерлер ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 11 адамды үйлөрүнөн кабар алып, саламаттыгын кароодон өткөрүштү.

Максат айылында жалпы 905 адам жашайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 530
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×