Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 08.06.2018 11:42

Чек арадагы Максат айылында 61 турак үй муктаж үй-бүлөлөргө менчиктештирилип берилет

Turmush -  Кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Максат айылындагы 61 үйдү турак жайга муктаж үй-бүлөлөргө менчиктештирип берүү боюнча документтер даярдалып жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ыйгарым укуктуу өкүл Абиш Халмурзаев аталган айылдын эли менен жолугушту. Анда жашоочулар айыл өкмөттүн карамагында турган 61 турак үйдүн документтерин тапшырууну тездетип берүүнү суранышты.

А.Халмурзаев Лейлек районунун акими, Кулунду айыл аймагынын башчысы жана Мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын жетекчисине турак үйлөрдү менчиктештирүү ишин бүткөрүп, техникалык паспортторун кыска убакытта берүүнү тапшырды.

Буга чейин Мамлекеттик мүлк фондунун эсебинде турган Максат айылындагы 61 турак үй 1996-жылы мамлекеттин эсебинен курулуп, райондун аймагындагы турак жайга муктаж жарандарга берилген. Азыркы учурда аталган үйлөр толугу менен Кулунду айыл аймагынын карамагына өткөрүлүп берилген.

Айыл аймактын башчысынын айтымында, турак үйлөр 4 же андан көп баласы бар үй-бүлөлөргө акысыз менчиктештирилип берилет. Ал эми башка тургундар мыйзам чегинде айылдык кеңеш бекиткен жеңилдетилген баада сатып алышат.

Өкүл иш сапарынын алкагында айылдын социалдык-инфраструктуралык абалын көрүп чыгып, айыл элине акысыз медициналык кароо жүргүзүү, жаңы конуштарды электр энергиясы менен камсыздоо жана жол каттамдары боюнча маселелерди чечүүнү тийиштүү жетекчилерге тапшырды.

Лейлек районунун Максат айылы Тажикстандын Бобожон Гафуров районунун Офчикалача айылы менен чектешет.

4-июнда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат аймагынын Футбол талаасы тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда жаңжал чыкты.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, окуя саат 17:10 чамаларында болуп, тажик чек арачылары эскертүү катары асманга ок атышкан. Жаңжалга тажикстандык аскер кызматкерлеринин кыргыз-тажик чек арасындагы чек арачылардын жүрүм-турум сызыгын бузганы себеп болгон. Алар баш аламан соода кылган кыргызстандык жарандарды Футбол талаасы тилкесинен кубалап чыккан.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×