Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Баткен

Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы чырды талкуулап, бир нече чечим кабыл алды (фото)

Turmush -  Кечээ, 6-июнда Тажикстандын Бустон шаарында Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара аскерлеринин делегацияларынын жолугушуусу өттү.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, иш-чарага башкармалыктардын жетекчилери, Баткен жана Согдий облустарынын чек ара өкүлдөрү, ошондой эле эки тараптын аскер прокуратурасынын органдарынын өкүлдөрү катышты. Кыргызстандык делегацияны Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, полковник Уларбек Шаршеев жетектеп барса, Тажикстандын делегациясын УКМКнын чек ара аскерлеринин колбашчысы-төрагасынын биринчи орун басары, генtрал-полковник Раджабали Рахмонали жетектеди.

Жолугушуунун жүрүшүндө делегациялар мамлекеттик кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаалды талкуулашты. Анда ушул жылдын 4-июнунда Лейлек районунун Максат айылында болгон окуяга өзгөчө көңүл бөлүндү. Чек ара түзүмдөрүнүн жетекчилери териштирүүнүн жүрүшүндө аталган чек ара жаңжалын чечүүдө аскерлердин иш-аракетинин укук маселесин гана кароону макулдашты.

Эки мамлекеттин чек арасындагы туруктуулукту камсыздоо максатында, ошондой эле 4-июндагы чырды эске алуу менен бир катар чечимдер кабыл алынды. Анда чек ара жаңжалдарында аскерлердин ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келбеген учурда курал колдонууга тыюу салуу чечимин кабыл алышты. Муну менен катар аскер кызматкерлери өзүнүн мамлекетинин улуттук мыйзамына ылайык иш жүргүзүшү керек. Чек ара бөлүмдөрүнүн башчылары мамлекеттик чыр чыккан учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү келгенге чейин активдүү иш-аракеттерди жүргүзбөөсү зарыл.

Тараптар тергөө органдарына жаңжал боюнча териштирүү иштерине жардам берүүнү макулдашышты. Мындан тышкары эки өлкөнүн чек арачылары аймактагы калкка түшүндүрүү иштерин күчөтүшөт.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча жетишилген келишимдер жана биргелешкен аракеттер, мамлекеттик кыргыз-тажик чек арасындагы коопсуздук жана тартип камтылган протоколго кол коюлду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 650
Көп окулду
×