Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Баткен

Лейлекте 10 жаштагы кызды торпок сүйрөп кетип каза болду

Turmush -  Лейлек районунун Маргун айыл аймагына караштуу Чурбек айылында 10 жаштагы кызды торпок сүйрөп кетип каза болду. Бул маалыматты Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, 10 жаштагы С.Г. үйүнүн короосундагы бакта байланып турган торпоктун мойнундагы жиптин учун белине байлап алган. Ал торпокту короого катуу айдап жиберген учурда аны 120 метрге чейин сүйрөп кеткен. Анын кесепетинен С.Г. денесинен оор жаракат алып, аталган айылдагы ооруканага жеткирилген. Ага дарыгерлер биринчи жардам көрсөткөндөн кийин Кулунду айылдык ооруканасына жетпей, жолдо каза болгон. Учурда бул боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Маргун айыл өкмөтүнөн билдиришкендей, кечээ, 6-июнда саат 18:00 чамасында Чүрвек айылында 10 жаштагы кызды уй сүйрөп кетип, оор абалда Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилген. Окуя кыз уйду бир жерден экинчи жерге айдап жаткан учурда болгон. Суусап турган уй чуркап кетип, андагы жип кызга байланып калган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4335
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×