Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Баткен

Видео, фото — УКМК качты деген А.Шадиев Америкага чек арадан кайсы айыл аркылуу өткөн?

Turmush -  Мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев 27-апрель күнү Баткен облусунун Исфана шаарындагы тууганы каза болгондугуна байланыштуу ошол жакка кетип, андан кийин Арка айылындагы чек аранын көзөмөлгө алынбаган тилкеси аркылуу Тажикстанга өтүп кеткен. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирген.

Арка айылы Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн курамына кирет.

Маалыматка караганда, 31-майда А.Шадиев УКМКнын камагына алуу боюнча соттун өкүмү чыккан. Ага карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча айып коюлуп, 28-апрелде кылмыш иш козголгон болчу. Бирок ал 27-апрель күнү Баткен облусунун Исфана шаарындагы тууганы каза болгондугуна байланыштуу ошол жакка кетип, андан кийин Лейлек районунун Арка айылындагы чек аранын көзөмөлгө алынбаган тилкеси аркылуу Тажикстанга өтүп кеткен. 28-апрель күнү Кыргызстандын дипломатиялык паспортун колдонуп саат 18:20да Худжант-Москва каттамы менен учуп кеткен. Москвадан АКШнын Нью-Йорк шаарына кетип калган.

А.Шадиевдин туугандарынын маалыматына караганда, ал ден соолугун дарылатуу үчүн кеткен жана 2 жумадан кийин кайтып келиши керек болчу. Бирок ал азыркыга чейин тергөө органдарынан атайын жашырынып жүргөндүктөн ага карата издөө жарыяланды.

Окуя тууралуу:

Буга чейин апрель айында Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аскарбек Шадиевге карата кылмыш ишин козгогон.

Маалыматка караганда, кылмыш иш КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси («Кызматтык орду менен пайдалануу») менен козголгон.

«2017-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңештин төрагасынын наамына КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын иш-чаралары боюнча график жөнөтүлгөн. Ал документ ошол кездеги парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиевге таанышуу үчүн берилген. Иш-чаралардын графиги түзүлгөн документте Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык тапшыруу жөнүндө маалымат болгон эмес. Бирок, 2017-жылдын 25-август күнү Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык ал жылы берилбей турганын билип туруп, А.Шадиев парламенттин төрагасына сыйлык үчүн 30 миң долларды бөлүү боюнча кайрылуу жөнөткөн. Ошол эле жылдын 15-сентябрында кайрылуунун жыйынтыгы менен аталган сумма Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров аркылуу бөлүнгөн. Бирок КМШнын Парламент аралык ассамблеясына каражат түшкөн эмес. Жыйынтыгында мамлекеттик казынага 2 млн 61 миң сом зыян келтирген», - деп айтылган маалыматта.

Бул факт УКМКнын тергөө башкармалыгында иликтенип жаткан

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына 22-мартта ошол убактагы биринчи вице-премьер министр Аскарбек Шадиев сурак берүүгө чакырылгандыгы маалымдалган. А.Шадиев Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук комитетинин бөлүм жетекчиси Арсен Закиров жана башкаларга карата жасалма документтерди колдонуу менен бюджеттик акча каражатты ээлеп алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында сурак берген.

Кийин А.Шадиевдин мүлкү камакка алынган болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4008
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×