Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 06.06.2018 12:51 На русском

«Топ тээп, терс энергияны чыгарабыз»: Футбол ойноону адатка айланткан Кулундудагы кыз-келиндер (фото)

Turmush -  Тажикстан менен чектеш жайгашкан Лейлек районунун Кулунду айылында футбол ойногон кыз-келиндердин тобу пайда болду. Үй кожойкелери жана кызматта иштеген кыз-келиндер чогулуп, топ тебүүнү адатка айлантып алышкан. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Алардын айтымдарында, түйшүккө, ар кандай күнүмдүк кыйынчылыктарга тушалган кыз-келиндер үйдөн чыгып, аз убакыт болсо да көйгөйлөрүн унутуп, футбол ойношот.

«Айылдагы үйдө отурган аялдар команда түзүп, футбол уюштуруп баштадык. Аянтча жакын болгондуктан жумуштан кийин чогулуп, топ тээп, өзүбүздүн терс энергиябызды чыгарабыз. Оюндан кийин өзүбүздү жеңил сезип, маанайыбыз ачылып калат. Кээде жумуштан кагаздарды, компьютерди карап отуруп чарчайбыз. Футбол ойноп жатканда сүйлөгөнгө да убакыт болбойт. "Теп", "жет", "азамат" деген сөздөр гана колдонулат. Оюндун аркасы менен өзүңдөгү жаман адаттар да жоголот экен», - дейт Кулундудагы ден соолукту чыңдоокананын адиси Динара Багышбаева.

Күнүмдүк тиричиликтен башы чыкпаган аялдар үчүн футбол азыр чоң жаңылык болуп жаткан учур. Жергиликтүү тургун Айинса Алдакулованын айтымында, ден соолугун чыңдоо үчүн футбол ойнойт.

«Футбол бизге кандайдыр бир түрткү берип жатат. Күнүмдүк турмушта кээде ар кандай көйгөйлөр бар. Мисалы, материалдык кыйынчылыктар. Ошондой эле биз эне болгондуктан бала багууда да кыйынчылыктарга дуушар болобуз. Бирок бул жерге келип ойногондо күлкү пайда болот. Турмуш шарты оор, материалдык жактан кыйналган, зордук-зомбулукка кабылган, турмушунан кыйналган кыз-келиндер футбол ойногондо көйгөйлөр унутта калат. Ошондой эле футбол спорттун башка түрлөрү менен алектенүүгө түрткү берип жатат. Айыл жеринде шаардагыдай машыгуу залдары жок. Аялдардын өзүнө кам көрүүсүнө жакшы шарттар түзүлгөн эмес. Бирок биз өзүбүз үчүн демилге көтөрүп, аялдардын ден соолугу, сулуулугу үчүн футбол ойноп жатабыз», - деди А.Алдакулова.

Кыз-келиндер алгач топ кубалаган аялдар айылда өөн учурап, азыр көз көнүп, кадимки эле көрүнүш болуп калганын айтышат. Убакыт өткөн сайын футбол командасынын курамы толукталып, кызыккандар көбөйүп жатат. Кыз-келиндер үчүн айылдагы футбол аянтчасы кезексиз берилип турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×