Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Баткен

Чек арадагы жаңжал: Көзүнө жаш алган Максат айылынын башчысы аларга көңүл бурууну суранды (видео)

Turmush -  Кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Лейлек районунун Максат айылы инфраструктуралык тейлөөлөрдү, тактап айтканда жолдорду, базарларды жакшыртууга муктаж. Бирок чек арадагы айрым тилкелер такталбагандыктан курулуш жүргүзүүгө мүмкүн эместигин жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.

Жашоочулардын бири Калима Шамшиеванын айтымында, тургундардын айылга отурукташканына 20 жылдан ашты. «Техникаларды, унааларды Тажикстандан алып колдонобуз. Биздин аймакка курулушка уруксат берилген эмес, дүкөн да кура албайбыз. Биздин айыл өзгөчө көңүл бурууга муктаж», - деди ал.

Максат айылындагы чыр чыккан Футбол аянты тилкеси такталбаган аймак болгондуктан курулуш курууга мүмкүн эмес. Бирок буга чейин аталган аймакты базарга айлантуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүлүп, макулдашылганын Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев билдирди.

«Биздин айыл Тажикстандын Согди облусунун Гафуров районунун Овчикалача айылы менен чектешип, чек ара сызыгы такталган эмес. Ошондуктан буга чейин суу, жер, жайыт талаш болуп келет. Эки күндөн бери базар боюнча жаңжал болуп жатат. Биздин жарандардын учурда мөмө-жемиши бышып, Тажикстанга кирип сатып жатышат. Кирип-чыкканда акча төлөп кыйналышууда. Ошондуктан өзүбүздүн айылга базар уюштурганбыз. Буга тажик тарап деле макул болушкан эле. Соодагерлер 3-июнда базарга чыгышкан. Анда да тажик чек арачылары келип, каршылык көрсөтүшкөн болчу. Соодагерлер базарга кайра кечээ чыгып, тажикстандык чек арачылар күч колдонуп, бизди кууп чыгышты. Алар чек ара тартибин бузду. Андан кийин биз кыргыз чек арачыларын жардамга чакырганбыз. Жаңжалдан кийин эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүлүп, учурда абал туруктуу. Бирок эл кооптонуп жатат. Жаңжал чыккан учурда биздин эки чек арачыны алып кетишкен экен. Аларды бошотууга жардам бердик. Биздин айыл чек арадагы айыл макамын алганы менен инфраструктурага көңүл бурулбай жатат», - деди С.Адинаев.

(Эскертүү: видеодо сөгүнгөн сөздөр айталган)

Буга чейин кечээ, 4-июнда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат аймагынын Футбол талаасы тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда жаңжал чыкканы маалымдалган.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, окуя саат 17:10 чамаларында болуп, тажик чек арачылары эскертүү катары асманга ок атышкан. Жаңжалга тажикстандык аскер кызматкерлеринин кыргыз-тажик чек арасындагы чек арачылардын жүрүм-турум сызыгын бузганы себеп болгон. Алар баш аламан соода кылган кыргызстандык жарандарды Футбол талаасы тилкесинен кубалап чыккан.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4235
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×