Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 05.06.2018 11:43 На русском

Кыргызстан чек арадагы жаңжалда кармалган аскерлерди Тажикстанга өткөрүп берди

Turmush -  Мамлекеттик кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда кармалган Тажикстандын Чек ара кызматынын 4 аскер кызматкери тажик тарапка өткөрүлүп берилди. Бул маалыматты Turmush басылмасына Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы тастыктады.

Аталган ведомствонун маалыматына караганда, 4-июнь күнү жаңжалдан кийин дароо Кыргыз Республикасынын Лейлек району жана Тажикстан Республикасынын Жаббар–Расулов багыты боюнча чек ара өкүлдөрү жолугушкан. Анын жүрүшүндө кыргыз тарап кыргыз-тажик чек арасындагы аскерлердин жүрүм-турумунда эреже бузууларга жол бербөө керектигин айтып, ошондой эле мындай жаңжалдарды болтурбоо талабын койду. Жолугушуунун жыйынтыгында кармалган тажикстандык аскерлер тажик тарапка өткөрүлүп берилди. Мындан тышкары тергөө жүргүзүп, ага эки мамлекеттин аскер прокуратурасын тартуу чечими кабыл алынды.

Бүгүн, 5-июнда Баткен облусу менен Согдий облусунун чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтөт. Анда кечээки жаңжал жана мамлекеттик чек арадагы аталган тилкени чогуу кайтаруу боюнча чаралар талкууланат.

Буга чейин кечээ, 4-июнда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат аймагынын Футбол талаасы тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда жаңжал чыкканы маалымдалган.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, окуя саат 17:10 чамаларында болуп, тажик чек арачылары эскертүү катары асманга ок атышкан. Жаңжалга тажикстандык аскер кызматкерлеринин кыргыз-тажик чек арасындагы чек арачылардын жүрүм-турум сызыгын бузганы себеп болгон. Алар баш аламан соода кылган кыргызстандык жарандарды Футбол талаасы тилкесинен кубалап чыккан.

«Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда башталган жаңжал Кыргыз Республикасынын чек ара күзөтү барган учурда токтотулган. Кыргызстандык чек арачылар Тажикстандын аскер кызматкерлерине маселени аталган ыкма менен чечпөө тууралуу эскертүү берип, ошондой эле алар макулдашылбаган тилкеде экенин айтып, ал жерден чыгып кетүүнү талап кылышты. Алар коюлган талапты аткаруудан баш тартып, чагымчылдык кылып, эскертүүчү ок чыгарышкан. Андан кийин алар кыргызстандык чек ара күзөтү тарабынан кармалды. Ошондой эле Лейлек району менен Тажикстандын Жаббар – Расулов багыты боюнча чек ара өкүлдөрү жолугушуу өткөрүштү», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×