Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Баткен

Видео — Кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, тажикстандык аскерлер кармалды

Turmush -  Кечээ, 4-июнда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат аймагынын Футбол талаасы тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда жаңжал чыкты.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, окуя саат 17:10 чамаларында болуп, тажик чек арачылары эскертүү катары асманга ок атышкан. Жаңжалга тажикстандык аскер кызматкерлеринин кыргыз-тажик чек арасындагы чек арачылардын жүрүм-турум сызыгын бузганы себеп болгон. Алар баш аламан соода кылган кыргызстандык жарандарды Футбол талаасы тилкесинен кубалап чыккан.

«Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда башталган жаңжал Кыргыз Республикасынын чек ара күзөтү барган учурда токтотулган. Кыргызстандык чек арачылар Тажикстандын аскер кызматкерлерине маселени аталган ыкма менен чечпөө тууралуу эскертүү берип, ошондой эле алар макулдашылбаган тилкеде экенин айтып, ал жерден чыгып кетүүнү талап кылышты. Алар коюлган талапты аткаруудан баш тартып, чагымчылдык кылып, эскертүүчү ок чыгарышкан. Андан кийин алар кыргызстандык чек ара күзөтү тарабынан кармалды. Ошондой эле Лейлек району менен Тажикстандын Жаббар – Расулов багыты боюнча чек ара өкүлдөрү жолугушуу өткөрүштү», - деп айтылат маалыматта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7732
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×