Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Баткен

Лейлекте Балдарды коргоо күнүндө эгиздер төрөлдү (фото)

Turmush -  Баткен шаарында 1-июнь — Балдарды коргоо күнүндө 10 ымыркай жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Баткен облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы Макбуба Хусеинова билдирди.

Анын айтымында, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын бешөө уул, бешөө кыз бала. Алардын арасында эң чоң салмактагы ымыркай (уул) 4 кг 300 гр, бою 57 см болуп төрөлсө, эң аз салмактагы ымыркай (кыз) 2 кг 600 гр, бою 49 см болуп төрөлгөн.

Ушул эле күнү Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Таш айылында эгиз ымыркайлар жарык дүйнөгө келди. Эгиздердин бири уул болсо, бири кыз бала. Алардын апасы Батма Атакулова өзү да эгиздердин түгөйү. Ал ымыркайларды операциясыз жарык дүйнөгө алып келди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 372
Көп окулду
×