Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 24.05.2018 11:42

20 жылдык жер көйгөйү: Сумбула айыл аймагында бир үйдө 4-5 үй-бүлө жашайт

Turmush -  Лейлек районунун Сумбула айыл аймагындагы айрым тургундарга 20 жылдан бери жер тилкеси берилбей, бир үйдө 4-5 үй-бүлө жашап жатат. Бул тууралуу Андарак айылынын жашоочулары айтып чыкты.

Алардын айтымдарында, айыл өкмөттө жер тилкеси калбагандыктан жергиликтүүлөр 10 сотых жерге 3-4 турак үй салууга мажбур.

«Биздин үй-бүлөдө 15 адам бар. 7 сотых жерге 3 турак үй салганбыз. Эми ошол жерге эле өзүмө 5 бөлмөлүү үй куруп баштадым. Анын жанына иниме да үй салганы жатабыз. Анткени бирөөбүзгө да айыл өкмөттөн жер тилкеси берилген эмес. Айласыздан ушул тар аянтка турак жай салууга мажбурбуз», - дейт жергиликтүү тургун Акимал Бахайдаров.

Андарек айылынын жашоочусу Кенжебай Зияев белгилегендей, мындай көйгөй Сумбула айыл өкмөтүндөгү 3,5 миң кожолуктун жарымынан көбүндө бар.

«Айыл өкмөттө жер калган эмес. Жер тилкелери кымбаттап, 5 сотых жер 1 млн сомду түзүп жатат. Ата-бабабыздан калган жер болгондуктан башка аймакка көчүп кете албайбыз. Максат конушунан жер берүүнү убадалашкан, бирок андан дайын жок. Андаректен алыс эмес жердеги Төө жайлоосун трансформациялоо боюнча жергиликтүү бийликке кайрылганбыз. Учурда балдарыбызды өзүбүздүн жерге салган үйлөргө бөлүп жатабыз. Бирок неберелерибиз кайда барат?», - деди жашоочу.

Көп адам жашаган үй-бүлөлөрдө ажырашуулар болуп жатканын айткан Андарак айылынын башчысы Абдифаяз Турдалиев: «Бир үйдө көп үй-бүлө жашагандыктан дааратканага кезекке туруп калабыз. Түшүнбөстүктөр, талаш-тартыштар да көп болууда. Анын кесепетинен ажырашуулар да орун алат. Ошондуктан бул маселени чечүү зарыл», - деди.

Сумбула айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Абдираим Жураевдин айтымында, жер тилкесин алуу үчүн 1,5 миңден ашык жашоочу арыз жазган. «Учурда Бүргөндү массивинен 250 тилке берилди. Эл сунуштаган Төө жайлоосун трансформациялоо мүмкүн эмес. Жайыт жерлерге турак жай курууга мораторий жарыяланган. Бул маселени биз чече албайбыз», - деди жоопту катчы.

Аталган айыл өкмөттүн курамында 4 айыл бар. Анда 3,5 миңден ашык кожолук жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×