Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Баткен

Исфанадагы селдин кесепеттерин жоюу иштерин вице-премьер-министр көзөмөлдөдү

Turmush -  Баткен облусунун аймагында селдин кесепеттерин жоюу, чыгымдарын тактоо иштери улантылып жатат. Бул иштер менен вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бүгүн, 23-майда Лейлек районунун Исфана шаарына болгон сапарында таанышты, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Облус аймагындагы селдин кесепетинен турак үйлөр, социалдык объектилер жана чарбалык имараттар жабыркаган болчу. Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун маалыматы боюнча, Лейлек районунда бир нече жолку сел жүрүүнүн кесепетинен 31 турак үй жана 34 чарбалык объектиге зыян келтирилген.

Жергиликтүү тургундар менен жолугушууда вице-премьер-министр үйлөрү камсыздандырылган жабырлануучуларга белгиленген тартипте акчалай компенсация төлөнө турганын белгиледи.

«Үйлөрүн камсыздандырбаган жабырлануучуларга жардам көрсөтүү маселеси өз алдынча каралат. Муну менен бирге буга чейин кооптуу тилкелерден көчүүдөн баш тартып, өз үйлөрүндө жашоону улантуу менен өздөрүнүн жана туугандарынын өмүрүнө коркунуч алып келген жашоочулардын жоопкерчилиги каралмакчы», - деди ал.

Вице-премьер-министр көпүрө менен дамбаларды калыбына келтирүү маселеси өкмөттүн деңгээлинде караларын кошумчалады.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 756
Көп окулду
×