Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 23.05.2018 11:52

Лейлекте Кокон хандыгынын учурунда курулган мечитке жаштар жылыткыч коюп беришти (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Кара-Суу айылындагы мектепти 10 жыл мурда аяктаган жигиттер мечитке жылытуу системасын коюп беришти. Бул тууралуу мечиттин имамы Пахыриддин Тажибаев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин кышында мечитте бир бөлмөсүнө гана мешке от жагып же электр жылыткычтарын колдонуп келишкен. Электр тогу өчүп калса, мечитке келгендер үшүп, ыңгайсыздык жаралчу.

«Бул мечиттин тарыхы чоң. Мечит Кокон хандыгынын учурунда салынган. Ошол мезгилде айылда Канназар бай деген бай салдырган экен. Мечит азыркы учурга чейин кызмат кылып келе жатат. Кара-Суу айылынын эли жума намазды, айт намазды ушул чоң мечиттен окушат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×