Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Баткен

Лейлектеги сел 58,8 млн сомдук зыян келтирди

Turmush -  Лейлек районундагы селден улам келтирилген жалпы чыгымдын суммасы 58,8 млн сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Баткен облусунун жетекчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, чыгымдар ӨКМ жана өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте эсептелди. Облус жетекчилигинин резервдик фондунан Лейлек районундагы чарбагына сел кирген 11 үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүлгөн.

Селден келтирилген зыяндар:

Район боюнча 27 үйгө, чарбалык 8 курулушка, 38 чарбакка суу кирген. 23,6 км ички чарбалык жол, 6,2 км ички чарбалык арыктар зыянга учураган. 69 гектар айыл чарба жерлерин сел жууп, 242 жандык малды, 30 бодо малды агызып кеткен. Чарбалык 1 көпүрөнү, 565 метр сел тосмосун жарактан чыгарып, таза суунун 5 түтүгүн жараксыз абалга алып келген. Селден 6 электр мамычасы жана 4 автоунаа жабыркады.

Бүгүнкү күндө жогорудагы аймактардагы сел кырсыгында жабыркаган электр линиялары, ички чарбалык арыктар, жолдор жана байланыш калыбына толук келтирилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 921
Көп окулду
×