Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 05.05.2018 19:55 На русском

Лейлекте кайрадан сел жүрүп, 4 баш уйду суу агызып кетти

Turmush -  Лейлек районунун Лейлек айыл аймагындагы Чарбак-Сай жана Папан-Сай аймактарында кайрадан сел жүрдү. Адамдар жаракат алган жок, деп билдирди ӨКМ.

Бүгүн, 5-майда саат 17:00 чамасында аталган аймактагы 1,7 чакырым ички чарбалык жолдун, 500 метр арыктын айрым тилкелерин сел каптап, 4 баш уйду суу агызып кеткен. Турак үйлөргө коркунуч жок. Ушул эле аймакта кечээ кечке маал дагы сел жүргөн болчу.

Учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылып жатат.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×