Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 03.05.2018 10:43

Кыргызстандык жаран бодо малдын 100 миң сомдук терилерин Тажикстандан мыйзамсыз алып келүүгө аракет кылган

Turmush -  Баткен облусундагы Лейлек районунун Достук аймагындагы чек арачылар аткезчини кармашты. Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, чоң көлөмдөгү товар кечээ, 2-майда кыргыз-тажик чек арасынан табылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргызстандык жаран «Фольксваген» үлгүсүндөгү унаасы менен Тажикстандан Кыргызстандын аймагына бодо малдын 50 капка салынган терилерин алып өтүүгө аракет кылган. Анын жалпы суммасы 100 миң сомго жетет. Бирок текшерүү учурунда жүккө тиешелүү документтер жок болгондуктан, тиешелүү материалдар Мамлекеттик бажы кызматынын аймактагы өкүлдөрүнө чара көрүү үчүн берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×